Кыргызстанда 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады  

Бүгүн, 15-сентябрда, өлкөбүздүн мектептери 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

Маалыматта айтылгандай, 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окууну улантат.

Республика боюнча 2374 мектептин 2132си — мамлекеттик, 242си — жеке менчик мектептер.

94 кесиптик лицейге электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынды.

34 мектеп жана 28 бала бакча пайдаланууга берилди.

Жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын ичинен 56сы жаңы курулуш объектиси — 49 мектеп жана 7 бала бакча.

Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Агартуу министрлиги

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты