Чүйдө мектеп окуучусу мушташтан каза болду

  • 3 месяца мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мектеп окуучулары арасында мушташ болуп, 2008-жылы туулган өспүрүм алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 25-декабрда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө жаран кайрылып, Кант шаарындагы орто мектепте 10-класста окуган окуучуга карата чара көрүүгө арыз жазган. Анын берген маалыматында, 22-январда аталган окуучу анын 2008-жылы туулган инисине конфликт учурунда денесине оор залал келтирип, анын кесепетинен иниси ооруканада өзүнө келе албай каза тапкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында 22-январда болжол менен саат 12:30да Кант шаарындагы №3 орто мектептин жанында Ч.Д. жана Р.А. аттуу мектеп окуучуларынын ортосунда конфликт жаралганы, мындан улам алар мектептин аймагынан сырткары чыгып мушташышканы белгилүү болгон. Милициянын маалыматында, мушташтан эки окуучу тең жабыркаган. Бирок денесине алган жаракаттардан улам Ч.Д. аттуу мектеп окуучусу аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө түшүп, ал жерден ага операция жасалып, андан кийин Бишкектеги менчик ооруканага которулган соң, ал жерден өзүнө келе албай каза тапкан.

«Учурда иштин жагдайы боюнча жогоруда аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынууда.
Аталган факты боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда, анын жыйынтыгы менен Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары (иллюстрация)

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты