Өзгөн районунда окуучулар арасындагы мушташты милиция иликтөөгө алды
- 1 месяц мурун
14-февралда Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган К.Э денесинен жарат алып аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Эни ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришкен.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.
Кийинки кездерде мектеп окуучулары арасында мушташта жабыркаган жана каза тапкан окуялар басымдуулук кылууда. Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мектеп окуучулары арасында мушташ болуп, 2008-жылы туулган өспүрүм алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапты.
Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 2025-жылдын 12-февралында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан каза болуп калган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан