Бишкекте 8-класстын окуучусу балдардын ур-токмогунан кийин каза болгондугу айтылды (ВИДЕО)  

Бишкек шаарынын “Жал” кичи районундагы №72 мектептин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды.

Мектеп директору Дамира Назаркулова окуучу бала өзү жыгылып кетип каза тапкан деген маалымат алганын айтууда.

Баланын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу жогорку класстын окуучуларынын ур-токмогунан каза болгонун билдирди.  

-Менин баламды ушул эле мектептин чоң классында окуган балдар ур-токмокко алышат. Рэкет болуп, салык салышат, бул тууралуу баары эле билет. Экинчиден, урган балдар бир эле менин баламды урбастан, баарын уруп, бирден чыгасыңар, болбосо камерага түшүп каласыңар деп бирден чыгарган,-деди атасы Дөөлөтбек Айтбаев.  

Кененирээк ВИДЕОДО:   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты