Кара-Сууда окуучу ур-токмоктон каза тапкандан кийин бир катар жетекчилер кызматтан алынды
- 1 месяц мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 2025-жылдын 12-февраль күнү саат 10:55-11:00 чамасында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан каза болуп калган.
Бул окуя боюнча бир катар чаралар көрүлүп, жетекчилер кызматтан алынганын Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева кызматынан бошотулду. Мындан сырткары мектептин директору Нурланбек Калмурзаев, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Улпатхан Жунусалиева, окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Гүлсүнай Кулболдиева, мектептин социалдык педагог Анаркан Шайымкулова, 11-класстын класс жетекчиси Жыпар Жакыпова, 9-а класстын класс жетекчиси Нуржан Баитова кызматынан четтетилди. Мисрат Оморалиева директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 12-февралда Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 мектепте окуучу бала каза тапканы боюнча кылмыш ишин козголгонун билдирди.
Кара-Суу районундагы №39 мектепте дагы бир окуучу бала мектептеги рэктчиликтен, ур-токмоктон көз жумганы тууралуу бүгүн, 13-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Эрнис Айдаралиев айтып чыкты.
Шектүү катары ошол эле мектептин окуучусу Р.Н. кармалып, убактылуу камак жайына камалган.
Бишкек шаарынын “Жал” кичи районундагы №72 мектептин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды.
Илл.страциялык сүрөт: Интернет булактарынан