Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму билдирди.

Жаңыртылган рейтинг Астанада быйыл 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Бул турнирде Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта күмүш медаль жеңип алган. Бул жыйынтык ага 64 миң 800 упай топтоого мүмкүндүк берди.

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасынын (2024) күмүш байге ээси жана Токио Олимпиадасынын (2020) коло байге ээси. Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү (2021). Мээрим Жуманазарова -жаштардын спорттук күрөшү боюнча Азия чемпиону.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты