Көчмөндөр оюндарынын ачылышына ШКУга мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары да катышууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Нанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары да катышууда.

Алардын катарында Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бар.

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова жогорку даражалуу конокторду тосуп алышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты