Олимпиада күндөлүгү: Мээрим Жуманазарова күмүш медалга татыктуу болду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 7-августта, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде, күмүш медалга татыктуу болду.
Мээрим Жуманазарованын күмүш медалы Париж Олимпиадасындагы экинчи медаль, буга чейин Жоламан Шаршенбеков коло медаль алган.
Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.
Мээрим Жуманазарова чейрек финалда күчтүү делген атаандашы Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыкса, 1/8 финалда биринчи атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан