Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарын ачты
- 2 недели мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.
-Бүгүн, 31-август – Кыргыз Республикасынын Көз каранды эместигинин 35 жылдыгы. Дал ушул күнү ата-бабаларыбыз түптөгөн улуу көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылып жатат. Бул күнгө Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык тарыхый мааракесине арналган cаммит да туш келип олтурат.
Мааракелик саммитке келген 15тен ашуун чет өлкө президенттери жана БУУнун башкатчысы Антонио Гуттериш баштаган абройлуу эл аралык уюмдардын жетекчилеринин келиши бүгүнкү окуялардын макамын да, маани-маңызын да арттырууда. Ушундан улам, жеке өзүмдүн жана жалпы кыргыз журтчулугунун атынан кесиптештериме жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине терең ыраазычылыгымды билдиремин. vsна ушул зор окуялар өлкөбүздүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, спорт тармагынын жана жаштардын келечегин символдоштурган заманбап “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жатат.
Мындай улуттук биримдикти, чөлкөмдүк коопсуздукту, эл аралык саясий-маданий өнөктөштүктү жана өнүгүүнү айкалыштырган тарыхый окуялар коштолгон чоң майрам менен баарыңыздарды, жалпы мекендештеримди чын дилимден куттуктаймын, -деди Садыр Жапаров.
Президент өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө жана Көчмөндөр оюнжарынын маани-маңызына токтолду.
-Биз Көчмөндөр оюндарын негиздеген өлкө катары дүйнө жүзүнө тарых-таржымалыбызды таанытып гана тим болбостон, келечекке умтулган заманбап өлкө экенибизди да даңазалап жатабыз.51 миңден ашуун орундуу, мына ушул заманбап “Бишкек Арена” стадионунун ачылышы буга айкын мисал, -деди мамлекет башчы.
-Көчмөндөр оюндары – Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн: байыркы гунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка көчмөн бабаларыбыздан мурасталып калган улуу маданият. Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда.
Бул ирет спорт, маданият жана илим бирдиктүү концепцияга бириктирилди.
Касиеттүү көл кылаасында салттуу музыка менен манасчылыктан тартып этномодага, кол өнөрчүлүк боюнча сынактарга жана заманбап чыгармачыл долбоорлорго чейинки жүздөгөн маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Илимий бөлүгүндө ондогон өлкөлөрдөн чакырылган окумуштуулар чогулуп,
көчмөндөр коомчулугунун тарых-таржымалы эле эмес, көчмөн цивилизациясынын генезисин, философиясын, мурасын жана адамзат тарыхындагы ордун талкуулашат.
Биз көчмөндөр мурасын жандуу интеллектуалдык жана маданий ресурс катары көрсөтүүгө аракеттенебиз.
Учурдан пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирген расмий кат келгенин жарыялай кетейин. Бул үчүн Россия Федерациясынын өлкө жетекчиси Владимир Владимирович Путинге ыраазычылык билдиремин, деп белгидеди Садыр Жапаров.




