Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду  

  • 2 года мурун

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова жаштардын спорттук күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта биринчи айлампада индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, үчүнчүдө казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде утту.

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты Бишкек шаарында өтүп жатат. Жалпы таймаш жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы 10 салмактын ичинен үч алтын жана алты күмүш байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи 2-орунду Индия, 3-орунду Казакстан алды.

Сүрөттө: Мээрим Жуманазарова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты