Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында гимнди ырдаган Айдарбекова сын-пикирлерге жооп берди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында гимнди ырдаган ырчы Дильноза Айдарбекова Инстаграмм баракчасында анын гимнди аткарганын сындагандарга жооп берди

-Мен үчүн өлкөнүн гимнин аткаруу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачуу чоң сыймык. Мени колдогондордун баарына рахмат айтам. Мага ушундай мүмкүнчүлүк болот деп эч убакта ойлогон эмесмин. Бардык уюштуруучуларга, режиссерлорго, продюсерлерге, уюштурууга катышкандардын жана өзүнүн эбегейсиз эмгегин жумшагандардын баарына ыраазылык билдирем. Бул күнү гимнди аткарып чыгыш үчүн биз эбегейсиз эмгек жумшадык. Мени тандап, гимндин ушул вариантын бекитишти, анын ичинде мамлекет башчы. Мен жөн гана аткаруучумун. Ошондуктан аракет кылгандарды каралай бербегиле, жекеге да өтпөгүлө,-деди ырчы Дильноза Айдарбекова. (Орусчадан котормосу- “ПолитКлиника”).

31-августта, «Бишкек Аренада» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы чоң салтанат менен суктанарлык деңгээлде өттү. Ал дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарынан көрүүчүлөрдү топтоду деп да айтууга болот. Бирок уюштуруучулуктагы айрым алешемдиктер көз жаздымда калган жок. Айрыкча Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин аткарылышы, алып баруучулар социалдык тармактарда сынга кабылды.

Гимндин обону бурмаланып, аткарылышы купулга толбогону, ал тургай мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартуу тууралуу да ой-пикирлер айтылып, кызуу талкууга алынууда.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышында мамлекеттик гимнди 22 жаштагы Дильноза Айдарбекова аткарган.  

Сүрөт: president.kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты