Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер өттү
- 5 дней мурун
- Жаңылыктар
2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күрөш оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.
Директор өз сөзүндө “Бүгүн биз көчмөн элдердин кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жаткан күрөш өнөрүнүн жана спорттук салттарынын чоң майрамында чогулуп турабыз. Бул жерде кыргыз күрөшү, алыш, казак курөшү жана башка салттуу күрөш түрлөрүнүн өкүлдөрү күч сынашууда. Ар биринин өз тарыхы, өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Ошол эле учурда алардын бардыгын күч, чеберчилик, тартип жана атаандашка болгон урмат-сый бириктирет” деди.
Ошл күнү, 2-сентябрда, “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш күрөшү боюнча мелдештер өттү.
Мелдешке дүйнөнүн 42 мамлекетинен 110 спортсмен катышты.
Алыш күрөшү боюнча мелдештер эркин жана классикалык күрөш стилдеринде өткөрүлүп,Кыргызстандын курама командасынын спортсмендери эки стилде тең ийгиликтүү күч сынашты.
Байге ээлери:
Классикалык стиль:
60 кг чейин:
1-орун — Мингалиев Илфат (Россия)
2-орун — Сапаров Роман (Кыргызстан)
3-орун — Хейдаримен Аболфазл (Иран)
3-орун — Турмаханбет Калмухан (Казакстан)
80 кг чейин:
1-орун — Өмүрзаков уулу Мыктыбек (Кыргызстан)
2-орун — Нурбердиев Мекхан (Түркмөнстан)
3-орун — Нусейнов Ариз (Азербайжан)
3-орун — Зулкарнаев Артур (Азербайжан)
100+ кг салмак ченинде:
1-орун — Ранис Гилиадинов (Россия)
2-орун — Ливиа Малуда (Молдова)
3-орун — В. Нуйсейн (Болгария)
3- орун — Баасанжав Муханбаяр (Монголия)
Эркин күрөш боюнча:
60 кг чейин:
1-орун — Абидинов Баяман (Кыргызстан)
2-орун — Дурдиев Абдурасул (Түркмөнстан)
3-орун — Игор Бласзак (Португалия)
3-орун — Абубакиров Жандос (Казакстан)
80 кг чейин:
1-орун — Аманов Айболот (Кыргызстан)
2-орун — Нуриев Силаберди (Түркмөнстан)
3-орун — Искомбаев Денис (Россия)
3-орун — Хурелбаатар Хатанболот (Монголия)
100+ салмак ченинде:
1-орун — Нурмухаммед Байдогдиев (Түркмөнстан)
2-орун — Абдукаимов Ахрорбек (Кыргызстан)
3-орун — Амбаланбаатар Ныямсерен, (Монголия)
3-орун — Нурсултан Кожагелди (Казакстан)
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 3 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алды.
Байге ээлерине төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:
1-орун- 150.000 сом
2-орун -100.000сом
3- орун — 80.000сом.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




