Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазаров күмүш медалга татыктуу болду
- 16 часов мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбаны Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт комитети билдирди.
68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Мээрим Жуманазаров финалдык беттеште Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.
Ал финалга чейинки беттештерде ишенимдүү күрөш көрсөттү. 1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту.
Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт комитети
Муну бөлүшүү




