Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло медалга татыктуу болду
- 2 часа мурун
25-октябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 82 кг чейинки салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Акжол Махмудовдун мелдешти ийгиликтүү баштап, египеттик Эмад Ашраф Абу-Латтаны 5:1 эсебинде жеңди, грузиялык балбан Гела Болквадзени 9:0 ири эсебинде утту. азербайжандык спортчуга 0:6 эсебинде утулуп жатып, акыркы секунддарда камбэк жасап, 7:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды, жарым финалдык таймашта түркиялык балбанга 0:6 эсебинде утулуп калды.
Бүгүн, 26-октябрда, Астанадагы дүйнө чемпионатында Кыргызстандын 4 балбаны килемге чыгат: 63 кг чейин — Афтандил Таалайбек уулу, 67 кг чейин — Раззак Бейшекеев, 87 кг чейин — Азат Салидинов. Мындан тышкары, эртең менен Амантур Исмаилов (72 кг чейин) көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт.
Дүйнө чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталат.
Сүрөттө: Акжол Махмудов. Дене тарбия жана спорт агенттиги




