Көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча мелдештер өтүүдө

  • 1 неделя мурун

1-сентябрда Ысык-Көл облусундагы «Евразия»пансионатында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Биринчи күнү мелдешке жалпы 127 спортчу катышты: 67 эркек жана 60 кыз-келин.

Алдыда дагы бир катар оюндар жана чечүүчү этаптар күтүп турат.

2-сентябрь күнкү программа:

09:00-10:40 — Овари

11:00-12:40 — Мангала

14:30-16:30 — Тогуз коргоол

17:00-18:00 — Оюндардын ачылыш аземи

18:00-19:00 — Тогуз коргоол

31-августта «Бишкек Арена» стадионунда Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземи дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Сүрөт: Мелдеш учурунда. Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты