“Мбанктын кошумча тиркемесин көчүрүңүз”. Шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу айтып беребиз

Фейсбук соцтармагынын колдонуучусу 26-январь күнү өз баракчасына MBank’ тан келген шилтеме жана банк сунуштаган жаңы кызмат тууралуу скриншотторду бөлүшкөн.

Анда өзүн MBank кызматкеримин деп атаган белгисиз бирөө насыя алуу үчүн банктын өзүнчө тиркемеси бар экенин айткан. Аны көчүрүп алууну сунуштап, apk файлын жибергенин көрүүгө болот.

Посттун алдына колдонуучулар бул шылуундар экенин айтышса, көп өтпөй банктын расмий баракчасы комментарий калтырган. Анда банктын ипотекалык кызматтар үчүн өзүнчө тиркемеси жок экендигин жана мындай шилтемелерди ачпай коюу туура экендиги айтылат.

“Мбанктын кошумча тиркемесин көчүрүңүз”. Шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу айтып беребиз

“ПолитКлиника” медиасы мындай файлдар эмнеси менен кооптуу экенин жана шылуундарды аныктоонун ыкмаларын айтып берет.

Мындай файлдар эмнеси менен кооптуу?

Apk файл (Android Package) бул Android операциялык системасы үчүн программалардын орнотулуучу форматы.

Apk файлын жөнөтүп шылуундук кылган ыкмалар мурун эле колдонулчу. Мисалы мындай файлды жөнөткөн адам “Сүрөттөгү сенби?” деген өндүү көңүл буруучу билдирүүнү жөнөтөт. 

“Мбанктын кошумча тиркемесин көчүрүңүз”. Шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу айтып беребиз

Анын башкы максаты — сизди ал файлды көчүрүп алууга көндүрүү. Анын жардамы менен шылуундар телефондо ар кандай зыяндуу программаларды ишке киргизиши же вирус жүктөшү мүмкүн. Натыйжада алар сиздин телефонуңузга, банктагы эсептериңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат. 

Белгилей кетсек, дал ушундай шылуундуктун түрү тууралуу “Керемет” банкы эскертүү жасаган.  

Мбанк тиркемеси менен алдамчылык кылууда дал ушундай эле схема, болгону башкача сценарий колдонулат. Кызыктыруучу суроолордун ордуна банктын логотиби колдонулуп, сиздин эсебиңизде көйгөй болуп жатканын айтып же укмуштуудай акцияларды сунуштап, көңүлүңүздү бурушу мүмкүн. Мындай сценарий адамдарда бат ишеним жаратып, алданып калуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Мындай тиркемелердин чын-төгүнүн кантип айырмаласа болот?

1.”Банктан” делген белгисиз номерлерден келген чалуу жана билдирүүлөргө ишене бербеңиз. Банк кызматкерлери кардарлардын түз кайрылуусуз өздөрү чанда телефон чалышат. Мындай учурда сиз сүйлөшүүнү токтотуп, банкка түз кайрылып, алардын сиз менен байланышуу аракети болгонун же болбогонун сурай аласыз. Ал эми банктын колдоо кызматынын номерин расмий сайттагы же тиркемедеги “Банк менен байланышуу” же “Колдоо көрсөтүү кызматы” бөлүгүнөн тапсаңыз болот.

“Мбанктын кошумча тиркемесин көчүрүңүз”. Шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу айтып беребиз

2. Белгисиз номерлерден келген шилтемелерди файлдарды ачпай эле койгон оң. Аларды ачууда телефонго келген коопсуздук эскертмеси да анын күмөндүүлүгүнөн кабар берет. 

“Мбанктын кошумча тиркемесин көчүрүңүз”. Шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу айтып беребиз

3. Банк сизге жеке кайрылуу аркылуу кайсы бир тиркемени орнотуу үчүн файлдарды жибербейт. Бул тууралуу MBank  расмий кайрылуусунда да эскертет. 

Банктардын негизги тиркемеси жана кошумча тиркемелери (эгер болсо) дайыма Google Play жана App Store сыяктуу расмий дүкөндөрдө жеткиликтүү.

Бирок бул учурда да тиркемеге көз жүгүртүп, көчүрүп алгандардын санын, ага жазылган пикирлерди окуп, расмий тиркеме экенине ынанган соң гана көчүрүү керек. 

4. Ипотекалык жана башка кызматтардын баары расмий каналдар аркылуу гана банктын тиркемеси же филиалдары аркылуу гана ишке ашат.

5. Банктын жаңы акциялары тууралуу маалымат алган болсоңуз, аны расмий сайттан тастыктаганыңыз оң. 

6. Ал эми жогорудагыдай билдирүү алган болсоңуз, шылуундар менен түз контактка барбай, мессенжер аркылуу бул номердин аракетине бөгөт коюуга салым кошсоңуз болот. Ал үчүн номер тууралуу маалымат жазылган бөлүккө кирип, экрандын эң ылдыйкы бөлүгүндөгү “Пожаловаться” белгисин басуу жетиштүү.

Кыргызстанда интернеттеги шылуундук жана алардан зыян тарткандардын саны күн санап өсүүдө. Белгилей кетсек, бул маселе 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев тарабынан да көтөрүлдү. 

Шылуундардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз!

Шылуундуктун дагы башка түрлөрү тууралуу төмөндөгү материалдардан окусаңыз болот.

Бакыт Төрөбаев киреше табуу боюнча УТРКга маек берген эмес. Фактчекинг

Инстаграмда эс алуу үйлөрүн ижарага берген homeforest.kg баракчасы — шылуундардыкы. Фактчекинг

Англияга жумушка орноштурууну убада кылган Work in Europe фейсбук баракчасын текшеребиз.

Баш сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты