Индиялык офицер аскердик сырларды кыздын жылаңач сүрөттөрүнө алмаштырып жиберген. Текшеребиз

“Индиялык офицер жашыруун аскердик пландарды аялдын жылаңач сүрөттөрүнө алмаштырып жиберген”, мына ушундай жаңылык интернетте тарай баштады.

Ага ишенсек, Пакистандын чалгын кызматынын агент кызы Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн офицерине жылаңач сүрөтүн жөнөткөн, экинчиси ага жашыруун аскердик документтин барагын жиберген. Кийинчерээк ал офицер документтин кийинки ар бир барагын жылаңач сүрөттөргө алмаштырууну сунуштаган”. Бул кабардын канчалык чындыгы бар, текшерип көрөлү.

Бул жаңылыкты алгач Индиялык “Зе Принт”, “Индиан Экспресс” жана “Зе Тайм Оф Индиа” басылмалары соттук документтерге жана полицияда иштеген кызматкерлерге таянып жазышкан. 

Жогоруда айтылгандай эле, Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн бир командири Пакистандын чалгын кызматынын болжолдуу кызматкерине жашыруун оперативдүү маалыматтарды, анын ичинде согуштук пландардын документтерин, дрондордун мүмкүнчүлүктөрүн, аскерлердин жайгашкан жерлерин, алдыңкы линиядагы согуштук учактардын кыймылын жана маанилүү объекттердин координаттарын өткөрүп берген деп жазылган.

Журналисттердин колуна тийген маалыматтар боюнча, шектүү агент офицердин түзмөктөрүндө сакталган купуя документтерге жана анын жетекчилиги менен болгон кат алышууларга жетүүгө мүмкүнчүлүк бере турган зыяндуу программаларды тараткан.

Ошондой эле офицер өзүнүн кол алдында иштеген беш кызматкеринин түзмөктөрүнө шпиондук программаны орнотуу боюнча тапшырманы да аткарган. Мунун баарын ал кыздын жылаңач сүрөттөрүнө алмаштыруу үчүн кылганы айтылат. 

Азыркы учурда ал камалып, ага мамлекеттик сырды ачуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуптур. Журналисттер окуя кандай башталганын да жазышкан. Ага ылайык, офицерге алгач белгисиз кыз түндө вотсапптан смс жазып, “депрессиядамын, күйөөм таштап кетти, психотерапевт сунуштаңызчы” деп жардам сураган. Кийин экөөнүн ортосунда мамиле уланып, интимдик сүрөттөрдү жөнөтүүгө чейин барган. 

Башкача айтканда бул жаңылык чындык экен. Бирок башында сүрөттө көрсөтүлгөн киши ал офицер эмес, анткени белгилүү мем сүрөт колдонулган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты