Бакыт Төрөбаев киреше табуу боюнча УТРКга маек берген эмес. Фактчекинг
- 1 месяц мурун
- Фактчекинг
Фейсбукта Entertainment Industry деп аталган баракча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин сүрөтү менен “Избиение Бакыта Торобаева. Скандал на всю страну” деген билдирүү жарыялады.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Баракча тууралуу
Фейсбукта Entertainment Industry деп аталган баракча 2021-жылы 9-декабрда түзүлгөн. Анын 191 катталуучусу бар.

Бакыт Төрөбаев УТРКга маек берген эмес
Жогорудагы Бакыт Төрөбаев тууралуу жазылган шилтеме Фейсбукка жарнама иретинде жарыяланган. Аны ачканда Бакыт Төрөбаевдин УТРКга берген маеги делген материалды көрүүгө болот. Алгач эле кириш сөзүндө “УТРКнын түз эфиринде алып баруучу Айжан Токтосунова менен Бакыт Төрөбаевдин ортосунда чоң жаңжал чыкты” деп жазылган. Анда Төрөбаевдин атынан Immediate Fortune программасына катталып, акча тапса боло турганын жазышкан. Криптовалюталык платформа аркылуу киреше табууга үндөлгөн. Ал эми алып баруучу Айжан Токтосунова деп сүрөтүн чыгарган адамдын аты — Назира Кыдыева, ал Кыргызстанда белгилүү алып баруучу.

УТРКнын сайтына жарыяланды деген маектин аталган сайт чыккан жок. URL-шилтемесиндеги домен УТРКнын сайты менен дал келбейт. УТРКнын расмий сайтында дагы мындай маалымат жок.

Эске салсак, буга чейин “ПолитКлиника” медиасы “Сенсация! Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!” деп Фейсбукка жарыяланган макала фейк экенин аныктап чыккан. Анда дал ушундай криптовалюталык платформага катталып, киреше табууга үндөгөн макала текшерилген.
Мындан улам сиздерди фейк маалыматтардан, шылуундардан сак болууга чакырып, сайттын аныктыгын текшерүүнү сунуштайбыз.
- Домен
Шылуундар адамдарды ынандыруу үчүн көбүнчө белгилүү бренддердин аталышын, ага тиешелүү логотип же сүрөттөрдү колдонушу мүмкүн. Бирок алар расмий сайттардын домендерин пайдалана алышпайт. Ошондуктан компаниянын расмий сайтын издеп салыштырганга аракет кылыңыз.
Эскертүү: Шылуундар окшош, бирок катачылыктарды же айырмачылыктарды камтыган домендерди жасоого аракет кылышат. Мисалы, эгер politklinika.kg расмий домен болсо, аны po1itklinika.kg деп жалгыз тамга, символ же сан аркылуу өзгөртүп коюусу ыктымал. Андыктан кылдат болуу керек.
- SSL сертификаты
Сайттын коопсуздугун текшерүү үчүн, URL шилтеменин жанындагы кулпу белгисинин (замок) бар-жогун караңыз. Бул белги сайттын сертификаты болуп эсептелет.
Эскертүү: Муну менен тим болбой, сертификаттын ким тарабынан жана кайсы мөөнөткө чейин берилгенин да текшерүү керек.
- Сайттын көрүнүшү
Сайтта грамматикалык каталар, толук эмес маалыматтар же иштебей турган шилтемелердин болушу, анын күмөндүүлүгүнөн кабар берет. Адатта расмий компаниялар көрсөткөн кызматтары, бөлүмдөрү тууралуу кенен маалымат бергенге умтулушат.
Ал эми фейк-сайттарда көбүнчө мындай терең маалыматтар жок, ар кандай бөлүмдөр көрсөтүлсө да, баарынын шилтемеси иштебеши мүмкүн.
- Колдонуучу келишимдери
Сайттын колдонуучу келишимдери (пользовательское соглашение), жеке маалыматтардын саясаты (политика конфиденциальности данных) жана башка документтери бар-жогун текшерүү керек.
- Маалымат булактары
Шылуундар белгилүү компаниялар менен биргеликте атактуу адамдардын сүрөт жана видеолорун да кеңири колдонушат. Дипфейктердин жайылышы менен эң ишенимдүү көрүнгөн видеолор да фейк жана шылуундуктун ыкмасы болушу мүмкүн. Андыктан мындай маалыматтарга кабылганда ал адамдардын жеке баракчаларын, билдирүүлөрүн текшерүү сунушталат.
Жыйынтык: Фейсбукта Бакыт Төрөбаев УТРКга маек бергени тууралуу жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Шылуундардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз.