ТИМ Россияда «Амина» мобилдик тиркемесин колдонуу талаптары кеңейтилерин билдирди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер иинистрлиги 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып миграциялык каттоого туруу үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу талабы жайылтылган чет өлкөлүк жарандардын чөйрөсү кеңейтилерин Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына эскертти.

2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, 18 жашка чейинки жарандардан тышкары, аталган талаптар жайылтылган адамдардын чөйрөсү кеңейтилет. Тактап айтканда, “Амина” мобилдик тиркемесин орнотуу, каралган жол-жоболордон өтүү жана белгиленген тартипте миграциялык каттоого туруу төмөнкү жарандар үчүн милдеттүү болот:

-18 жаштан жогорку, Москва шаарынын жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган студенттер;

-көрсөтүлгөн аймактарда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;

-Москва шаарына жана Москва облусуна эмгек ишмердүүлүгүнө байланышпаган жеке, конокко баруу, туристтик жана башка максаттарда бара жаткан жана болуу мөөнөтү 90 календардык күндөн ашкан жарандарга.

Министрлик Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же аталган аймактарда жүрүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө “Амина” мобилдик тиркемесин алдын ала орнотуп, зарыл болгон жол-жоболордон өтүп, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык миграциялык каттоону өз убагында тариздөөнү сунуштайт.

Кошумча суроолор жаралган учурда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигине +7 925 285 50 47 телефону аркылуу, ошондой эле Консулдук департаментке +996 999 312 002 телефону аркылуу кайрылууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты