Милиция кызматкерлери жол кире төлөшү керекпи же жокпу? Текшеребиз
- 1 неделя мурун
- Видео, Фактчекинг
Социалдык тармактарда милиция кызматкери “жол кире төлөбөйм” деп турган видео тарады. Анда ал 1994-жылдагы мыйзамга таянып, коомдук транспортто акысыз жүрүүгө укуктуу экенин айткан. Ал эми автобустун айдоочусу мындай мыйзам жокко чыгарылганын айтып, жол кире төлөөнү талап кылган. Биз бул маалыматты текшерип көрүүнү чечтик.
Социалдык тармактарда милиция кызматкери “жол кире төлөбөйм” деп турган видео тарады. Анда ал 1994-жылдагы мыйзамга таянып, коомдук транспортто акысыз жүрүүгө укуктуу экенин айткан. Ал эми автобустун айдоочусу мындай мыйзам жокко чыгарылганын айтып, жол кире төлөөнү талап кылган.
Биз бул маалыматты текшерип көрүүнү чечтик.
«Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесинин 22-пунктунда милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда коомдук транспорттун бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланууга укуктуу экени көрсөтүлгөн.
Демек, видеодогу милиция кызматкери өз талабын учурдагы мыйзамдагы нормага таянуу менен билдирген.
Ошол эле учурда автобустун айдоочусу да Бишкек шаардык кеңешинин колдонуудагы токтомуна таянган экен.
Ал токтомдорго ылайык, муниципалдык коомдук транспортунда төмөнкү категориядагы жарандар акысыз жүрө алышат деп жазылган:
Пенсионерлер, I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдар, 7 жашка чейинки балдар; майыптыгы бар адамдын жеке ассистенттери жана кызматтык милдеттерин аткарып жаткан почта кызматкерлери.
Бул тизмеде милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн эмес.
Башкача айтканда, окуяда эки башка ченемдик укуктук акт колдонулуп жатат. Бир жагынан, «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзам, экинчи жагынан, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдору.
Демек, бул талаштуу окуяда милиция кызматкериники же автобустун айдоочусунуку туура деп айтууга болбойт, анткени эки тарап тең өздөрү иш алып барган ченемдик документтерге шилтеме кылышкан.