Спортчу Кубанычбек Талдыбеков “Баатыр Эне” төш белгисин тагынып алганбы?
- 1 неделя мурун
- Баяндар, Видео, Фактчекинг
Спортчу Кубанычбек Талдыбековдун Instagram баракчасында орден жана медалдарды тагынган видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты.
Айрым колдонуучулар спортчуну кескин сындап, ал “Баатыр Эне” төш белгисин да тагынып алганын жазышкан. Биз бул маалыматты текшерип көрүүнү чечтик.



Алгач “Баатыр Эне” төш белгисин интернеттен таап, Кубанычбек Талдыбековдун төш белгиси менен салыштырып көрдүк. Көрсө бул “Эл сыймыгынын ээси” деген төш белги экен. Бул сыйлык коомдук фонддор, бирикмелер тарабынан ийгилик жараткан инсандарга тапшырылат.
Талдыбековдун костюмунан “Воин-спортсмен” деген төш белгини да байкадык. Төш белгинин бул түрү Советтер союзунда аскер кызматкерлерине берилген. Анын бир нече даражасы бар. Мисалы, кызыл түстөгү төш белги физикалык даярдыгы жогору, нормативдерди мыкты аткарган аскер кызматкерлерине ыйгарылган.
Ошондой эле видеодон жеңил атлетика боюнча II разряддагы спортчуларга берилүүчү төш белгини, олимпиада оюндарынын логотибин, Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин да көрсөк болот. Мындан тышкары “Россия Федерациясынын спорт чебери” деген төш белгиси да бар.
Эске салсак, буга чейин “MediaHub” басылмасынын журналисттери Кубанычбек Талдыбековдун аты Орусияда спорт чеберлеринин тизмесинде жок экенин айтып чыгышкан. Талдыбеков бул маалыматты четке кагып, спорт чебери наамына ээ экенин билдирген.
Демек, социалдык тармактарда айтылгандай, Кубанычбек Талдыбеков “Баатыр Эне” төш белгисин тагынган деген маалымат туура эмес. Ал “Эл сыймыгынын ээси” деген төш белгини тагынган.

Сүрөт: Социалдык тармактан




