Жогорку Кеңеште интернет-шылуундар көбөйүп жатканы боюнча маселе көтөрүлдү
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев интернет шылуундар көбөйүп кеткени боюнча маселе көтөрдү.
-Бизге шылуундар боюнча өтө көп кайрылуулар келип жатат. Интернет аркылуу бир топ жарандарды алдап жүрүшөт. Керек болсо, президенттин үнү менен, видео тасма чыгарып “мына, акция сатып жатабыз” дешүүдө. Мен элге “президент эч качан антип айткан жок, бул дипфейк” деп айтам. Кечээ эле бир жаран ошол боюнча келген. Башка ушундай арыздар өтө көп. ИИМде тергөөчүлөрдү да жаңы технологияларга, алдамчыларды кантип табыш керек экенин үйрөтүш керек. Соцтармактар менен иштеш керек. Алар арызды күтпөй эле, ушундай видео тасма чыкканда, ошол замат аракеттерди кылыш керек. Арыз качан түшөт, ким алданып калат деп отурбай эле, алдын-ала аракет болушу керек. Бизде, тилеккке каршы, арыз түшкөндөн кийин, бир топ жарандар алдангандан кийин иштей башташат, -деди депутат Бекешев.
Кийинки кездерде интернет алдамчыларга акчасын алдаткандар көбөйүп бара жатат. “ПолитКлиника” медиасына алардын бири — Мээрим Ташыбекова айтып берген видеонун шилтемеси бул жакта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан