Англияга жумушка орноштурууну убада кылган Work in Europe фейсбук баракчасын текшеребиз
- 2 месяца мурун
- Фактчекинг
Фейсбук социалдык тармагында чет өлкөгө жумуш сунуштаган жарнамалар көбөйдү. Анын бири Work in Europe деп аталган баракча Англияга түшүм жыйноо жумушуна чакырган билдирүү жарыялады. Анда айлык маяна 3500 фунт, текшерилген компания экени жазылып, 20-60 жаш куракка чейинки жарандар жумушка чакырылган.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Фейсбуктагы Work in Europe баракча тууралуу маалымат
Аталган баракча 2024-жылы 19-ноябрда ачылган. Анын 89 катталуучусу бар.
Бул баракча учурда жарнамаларды иштетип жатат. Жалпы Англияга жумушка чакырган 15 жарнаманын баары 1-декабрда жарыяланган.
Баракчада үч билдирүү жарыяланса, анын үчөөнө тең Benjamin Franklin аттуу Фейсбук колдонуучусу “мошенник” деп жазып кеткен.
Билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн Телеграмдагы байланышка жазып көрдүк. Өзүн JobMatch компаниясынын башкы менеджери Сергей Пенсий деп тааныштырган адам Англияга кетүүнүн жол-жобосу тууралуу маалымат берди. Анда алгач эл аралык паспорттун сүрөтүн жана электрондук почтанын дарегин жөнөтүп, алар паспорттун таржымалын текшерүү үчүн миграциялык кызматка кайрылышары жазылган. Мындан соң миграциялык кызматтан эл аралык паспорт боюнча чечим электрондук почтага келери айтылган. Анкета толтурулуп, келишим түзүлүп, миграциялык төлөм 239 фунт төлөө керектиги белгиленген.
JobMatch компаниясынын башкы менеджеринин сүрөтү орусиялык юристке тийиштүү экени аныкталды
Компаниянын сайтына киргенде КМШ жарандары менен иштөө боюнча адистердин сүрөттөрү турат.
Алгач эле Телеграм аркылуу байланышканда, өзүн башкы менеджер Сергей Пенсий деп тааныштырган адамдын сүрөтүн көрүүгө болот.
Пенсий Сергейдин сүрөтүн текшерип көрсөк, бул сүрөт такыр эле башка адамга тиешелүү экени белгилүү болду. Бул сүрөттөгү адам орусиялык юрист Сергей Сухов болуп чыкты.
scamadviser.com сайты аркылуу аталган компаниянын сайтын текшергенибизде job-match.uk сайты төмөн ишеним рейтингине ээ экени көрсөтүлдү. job-match.uk сайты жакында эле катталган, ага киргендердин дагы саны аз.
Компания тууралуу жазылган пикирлер
moshennik.eu сайтында дагы булар тууралуу пикирлер жазылып, алданып калгандар комментарий калтырып кеткенин көрүүгө болот.
Алдамчылардан сак болуңуз
Кыргызстандык жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун migrant.kg сайтына быйыл октябрь айында алдамчылардан сак болууга чакырган билдирүү жарыяланган.
- Улуу Британияда сезондук жумушчулар схемасы боюнча жумушка орношуу акысыз жүргүзүлөт. Сиздин чыгымдарыңыз виза жана авиабилетке гана кетет;
- Алдамчылар убада кылган шарттарга көңүл буруңуз. Мисалы жогорку айлык акы, жөнөкөйлөштүрүлгөн виза процесси жана жаш курагы боюнча чектөөлөр жок, 18 жаштан 45 жашка чейин;
- Банк картасынын номерлери же паспорттун реквизиттери сыяктуу жеке маалыматыңызды коргоо керек;
- Программа жана жумушка орношуу шарттары жөнүндө акыркы маалымат алуу үчүн ар дайым расмий маалымат булактарына кайрылыңыз. Мисалы борбордун веб-сайты migrant.kg;
- Улуу Британиянын мамлекеттик сезондук айыл чарба жумушчулары программасына катышуу үчүн онлайн каттоо migrant.kg сайтында жана info.migrant.kg Инстаграм расмий баракчасында жеткиликтүү болот.
Жыйынтык: Фейсбуктагы Англияга түшүм жыйноо жумушуна чакырган Work in Europe деп аталган баракчадагы билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Шылуундардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз.