Марат Казакпаевдин жана Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, комиссия  окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болду. Казакпаев “Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан. Ал 2021-жылы апрель айында кармалган. Жакында ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиника» медиасына төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мараттын абалы оор болуп жаткандыктан Улуттук кардиология жана терапия борбору оорусу оор деп бүтүм берди. Ошого карабастан аны абакта кармашты. Анын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө ал каза болбойт болчу. Ага карата кыйноолор болгон» деди Анар Казакпаева.

УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун билдирди.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, 2022-жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында аталган А.Б.Р. аттуу жаран (Асанбаев Бакыт Рысбекович-ред.) УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал тергөө камак жайынын камерасында асынып алган абалда табылган.

Учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызматкерлер  суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертиза дайындалды.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты