Мамытов: Жогорку Кеңеш мамлекетте туруктуулукту сактоого аракеттерди көрөт

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

-Жогорку Кеңеш Баткендеги окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда. Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.

Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин туруктуулугу жана тынчтыгы баарынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы,-деп билдирди төрага.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кечээ, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. 11 аскер адамы жаракат алган.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты