Мамлекеттик гимн кабыл алынган күн. Куттуктоо

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук символу болгон мамлекеттик гимндин кабыл алынган күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Куттуктоодо белгиленип кеткендей, көз карандысыз Кыргыз Республикасынын баш урааны болгон мамлекеттик гимнибиз 1992-жылдын 18-декабрында «легендарлуу парламент» тарабынан жактырылган. Сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, музыкасын Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов жазган.

«Ошондон тарта түндүгүнөн күн нуру чайыган кызыл туубуз, мамлекетибизге тиешелүү өзгөчөлүктөрү түшүрүлгүн гербибиз менен бирге кыргыз элинин басып өткөн жолундагы эрдиги, элдеринин достугу, ынтымагы, келечекке болгон ой-тиреги чагылдырылган гимнибиз өмүр сүрүп, өзүнүн вазийпасын так аткарып келе жатат.

«Кыргыз Республикасынын жаранымын деп санаган ар бир бир атуул мамлекеттик символдору менен сыймыктанаарына бекем ишенем. Туубуз бийик желбиреп, гербибиз эн тамга болуп басылып турганын көргөндө көкүрөктү кандайдыр бир жагымдуу сезим ээлейт, гимнибиз жаңырганда бул сезим ого бетер күчөп, Ата Мекенге болгон сүйүүң артат» деди куттуктоодо президент Садыр Жапаров.

Ал эми президенттин демилгеси менен мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталып жатат.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.

2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков «Туудан колуңду тарт!» акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Сүрөт: Экинчи курултайда. Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты