«Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар менен чакырыктар жаңыча иштөөнү талап кылат». УКМК күнү менен куттуктоо

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мамлекет башчы УКМКнын коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүн баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарынын коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен аёосуз күрөшү жүрүүдө. Бул күрөштүн натыйжасын өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда жашаган жарандарыбыз көрүп-билиши жана ага кол кабыш кылышы зарыл.

Ошол эле кезде жаңыча иштөө зарыл экенин эскертип өттү:

«Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар менен чакырыктар, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын кылмыштуу иштеринде заманбап технологияларды колдоно башташы, кибер кылмыштуулуктун өсүшү сиздерден жаңы ыкмалар менен жаңыча иштөөнү талап кылат. Ошол эле мезгилде коопсуздук органдарынын пайдубалы деп эсептелген чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжалуулугун мындан да күчөтпөсөк, бул негизги багытта олуттуу натыйжаларга жетише албайбыз» деди президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты