Мамлекеттик гимн боюнча сынакка 439 кайрылуу түштү, анын 23ү талапка жооп берет

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынакка эмгектерди кабыл алуу улантылууда. Бүгүнкү күнгө карата 279 жарандан 439 кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 23ү толук талаптарга жооп берип, каттоого алынды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма өз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алат. Өтүнмөлөр 20-мартка чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин маданият министрлигинин кеңсесинде Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде кабыл алынат.Ошондой эле алыскы аймактардагы каалоочулар электрондук форматта төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: [email protected].

Байланыш үчүн телефон: 0312 66 11 28

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты