Мамлекеттик гимнге сынак жарыяланды

  • 1 год мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак башталганын жарыялады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алышат.

Гимн төмөнкү талаптар менен тандалат:

• Салтанаттуулук, патриоттук дух жана эмоциялык тереңдик;

• Улуттук өзгөчөлүктү, маданий жана руханий салттарды чагылдыруу;

• Музыкалык гармония жана жеңил кабыл алынышы;

• Кыргыз адабий тилинин нормаларына шайкеш келиши.

«Сынакка жаңы жазылган, ошондой эле мурда аткарылган же жарыяланган музыкалык чыгармалар катыша алат (автордук укуктар сакталышы керек). Ар бир катышуучу бир же бир нече вариантты сунуш кыла алат. Гимндин толук версиясы 3 мүнөттөн ашпоосу керек»,- деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта Маданият министрлиги бардык өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет. Аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет. Ал эми экинчи этапта комиссия 15 иш күндүн ичинде чыгармаларды белгиленген критерийлер боюнча баалап, мыкты үч Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт.

Жеңүүчүлөр төмөнкү сыйлыктар менен сыйланат:

• I орун – 1 500 000 сом жана диплом;

• II орун – 1 000 000 сом жана лауреат диплому;

• III орун – 500 000 сом жана лауреат диплому;

• IV жана V орундар үчүн атайын сыйлыктар – 250 000 сом.

Маданият министрлиги сынактын ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу үчүн сынактын жүрүшү тууралуу маалымат министрликтин жана Министрлер кабинетинин расмий сайттарында, социалдык тармактарда жарыяланат жана мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу чагылдырыларын билдирди.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-мартына кабыл алынары айтылды. Кайсы даректер боюнча кабыл алынарын жана сынактын толук шарттарын аталган министрликтин сайтынан окуй аласыз.

Эске салсак, 2024-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин спикери Тургунбек уулу Нурланбек (ред. мурда Шакиев) мамлекеттик туунун аркасынан мамлекеттик гимнди өзгөртүү керек экендигин билдирген. Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча” парламенттин төрагасынын пикирин колдой турганын айткан. 

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты