“ПолитКлиника” медиасы окурмандарын жаңы, 2024-жыл менен куттуктайт

  • 4 месяца мурун

“ПолитКлиника” медиасы окурмандарын босогодо турган жаңы, 2024-жылы менен куттуктайт. Ысык-суук, кайгы-капалуу, оош-кыйын күндөрдө да жылы бою биз менен бирге болгон окурман журтубузга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

2023-жыл адамзаты үчүн жеңил эмес жылдардан болгону ырас. Украинадагы согуштун уланышы, Газадагы жаңжал, Түркиядагы, Сириядагы жер титирөөлөр, Судандагы жарандык согуш, кризис дүйнөдө оор сыноолорго туш кылды.

Ошону менен катар эле алааматты каптаган коронавирус илдетинин расмий токтогонунун жарыя болушун, жасалма интеллекттин арышы кеңейгенин да белгилеп кетүүгө болот., Борбор-Азия-ЕС, Борбор Азия-АКШ, Борбор-Азия-Кытай, КМШ мамлекеттеринин саммиттеринин өтүшү дүйнөдө Борбор Азия чөлкөмүнө кызыгуунун артып жаткандыгын билдирет.

Кыргызстанда саясий курч окуялар, оппозициялык саясатчылардын, анын ичинде Адахан Мадумаровдун камалышы, Кемпир-Абад иши боюнча соттун аягына чыкпай турушу- Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов ж.б. иштеринин создуктурулушу, айрым блогер, журналисттердин камалышы, сот иштери, айрым ЖМКнын бөгөттөлүшү, сот жараяндары – булардын баары Мекенибиздеги оор сыноолордун бир өңүтү болуп калды. “ПолитКлиника” медиасы да жыл ичинде “ЭлТР” телеканалы менен сот ишин да баштан кечиргенин белгилей кетели.

Ошону менен катар өлкөбүздө жакшы жышаандар да болгону калетсиз, өлкөнүн тышкы алакасынын өсүшү, коррупцияга каршы күрөштүн күч алганы, айрым тармактарда айлык акынын, пенсиянын көтөрүлгөндүгүн да белгилей кетели.

Ошондой ысык-суук, кайгы-капалуу, оош-кыйын күндөрдө да жылы бою биз менен бирге болгон окурман журтубузга терең ыраазчылыгыбызды билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар менен, адилеттик, акыйкаттык, сөз эркиндиги үчүн күрөштө талыкпастан алгалап келе жатабыз. Жылдан-жылга сайттагы, социалдык тармактардагы, Ютуб каналыбыздагы окурмандарыбыздын саны арбып келе жатат.

Урматтуу окурмандар, 2024-жылы да биз менен бирге болуңуздар! Келерки жылы да көздөгөн багытыбыздан тайбай, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн, чынчылдык, калыстык, адилеттик үчүн ишибизди илгерилете берели!

2024-жыл Мекенибиз үчүн, анын ар бир жараны үчүн жашоо жыргалчылыгын тартуулаган, бакубат, адилет, чынчыл принциптерден жазбаган жемиштүү жылдардан болсун! Ар бириңиздерге эсенчилик, үй-бүлөлүк бак-таалай, жемиштүү иш каалайбыз!     

“ПолитКлиника” медиасы окурмандарын жаңы, 2024-жыл менен куттуктайт
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты