Мадумаровдун атынан инвестиция салып, аптасына 60 миң сом табууга чакырган видео — фейк. Фактчекинг

Фейсбукта Dermot деп аталган баракча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун видеосун чыгарган. Анда Мадумаровдун атынан 8 миң сом акча салып, жумасына 60 миң сом каражат табууга болору, төлөмдөр “Кыргызнефтегаздын” порталы аркылуу жүргүлөрү айтылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул видеону текшерип көрдү.

Мадумаровдун видеосунда дипфейк колдонулган 

Фейсбуктагы Dermot деп аталган баракчанын башкы профилинен кыздын сүрөтүн көрүүгө болот. Бул баракча 2022-жылы 4-октябрда түзүлгөн. Жалпы миңдей катталуучусу бар. 

Мадумаровдун атынан инвестиция салып, аптасына 60 миң сом табууга чакырган видео - фейк. Фактчекинг

Мадумаровдун видеосу деп жарыяланган видеодо мындай сөздөр айтылат:

“Жапаров сиздерден жашырып жатат. Мыйзам боюнча 25 жаштан жогору Кыргызстандын ар бир жараны 8 миң сом салып, аптасына 60 миң сомдон алып турса болот. Төлөмдөр “Кыргызнефтегаздын” порталы аркылуу жүргүзүлөт. Бийлик чектөө киргизе электе тезирээк катталыңыз”.

 

Dermot баракчасы дипфейкти колдонгон. Башкача айтканда, жасалма интелекттин жардамы менен жасалган видео. Жарыялаган видеонун түп нускасы Turarbekov_maek ютуб каналынын Политкаст долбоорунда жарыяланган. Анда Адахан Мадумаров саясий окуялар боюнча маек курган. Бирок жогорудагы сөздөр айтылган эмес. Фейсбуктагы баракча Мадумаровдун сөзүн бурмалаган.  

Мадумаровдун атынан инвестиция салып, аптасына 60 миң сом табууга чакырган видео - фейк. Фактчекинг

Дипфейк деген эмне? 

Дипфейк — бул жасалма интелектти колдонуп, жүздөрдү жана үндөрдү алмаштыруу менен, реалдуу аудио, видео жана сүрөттөдү жасоого мүмкүнчүлүк берген технология. 

Эске салсак, буга чейин дагы социалдык тармактарда “Кыргызнефтегаздын” атынан Кыргызстандын саясатчыларынын сүрөттөрүн, видеолорун жарыялап, инвестиция салууга чакырган билдирүүлөр жарыяланган. “ПолитКлиника” медиасы анын бир нечесин текшерип, маалымат дипфейк экенин аныктаган. 

Алар:

  1. «Соцтармактарда белгилүү уюмдарга акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат». Билдирүү
  2. Алдатып жиберген акчаларды кайтарып беребиз деген кызматтар — шылуундар (Фактчекинг)
  3. “Кыргызнефтегаз” акча табуунун платформасын ишке ашырды” деген маалымат тарады. Текшеребиз
  4. “Кыргызнефтегаз” жарандарды инвестиция салып, акча табууга чакырган жарнама — фейк. Фактчекинг

Жыйынтык: Фейсбукта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун атынан инвестиция салууга чакырган видео — фейк. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты