“Кыргызнефтегаз” жарандарды инвестиция салып, акча табууга чакырган жарнама — фейк. Фактчекинг
- 2 недели мурун
- Фактчекинг
Фейсбук соцтармагында “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын жарандарына инвестициялык жаңы долбоорду сунуштап жаткандыгы тууралуу жарнама жарыяланган. Анда ишканага инвестиция кылып, акча салгандар жумасына 60 миң сомдон алышары айтылган. Жарнамада бул долбоор тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жана саясатчы Равшан Жээнбеков айтып беришкен.
“Политклиника” бул маалыматты текшерип көрдү.
Жарнамадан депутат Элвира Сурабалдиеванын: “Эмне үчүн баары бул жөнүндө айтпайт? “Кыргызнефтегаз” 2024-жылдагы рекорддук кирешенин урматына Кыргызстандын бардык тургундарына жаңы долбоорго мүмкүнчүлүк ачып жатат, анын жардамы менен бардык инвесторлор минималдуу инвестиция салуу менен жумасына 60 миң сомдон алып жатышат”,- деп айтканын көрүүгө болот. Бирок бул жасалма видео, тагыраагы — дипфейк. Видеодо Сурабалдиеванын үнү берилген жана ооз кыймылдары жарнамада айткандарына дал келген. Дипфейк — көп учурда белгилүү адамдардын видеосу алынып, алардын үнү жана ооз кыймылдары жасалма интеллекттин жардамы менен өзгөртүлүп жасалган видеолор.
Ал эми бул видеонун түп нускасында Элвира Сурабалдиеванын Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 23-ноябрындагы отурумунда Камчыбек Ташиевге “Бишкекасфальтсервис” ишканасынан уурдалган 800 млн сомдун жагдайы боюнча суроо берип жатканын көрүүгө болот.
Жарнамада ошондой эле саясатчы Равшан Жээнбеков: “Эмне үчүн бул программага кошула элек экениңизди түшүнбөй жатам, анткени программага кирүү мүмкүнчүлүгү жуманын аягына чейин гана болот. Буга чейин миңдеген жарандар катталып, алгачкы төлөмдөрүн алышты”,- деп сүйлөгөн. Видеонун түп нускасын табууга мүмкүн болгон жок. Бирок бул видео да дипфейк болушу толук мүмкүн. Анткени дипфейкте сүйлөп жаткан адамдын ооз кыймылдары табигый эмес болуп, кадимки ооз кыймылдарына окшобойт. Жарнамадагы видеодон да Равшан Жээнбековдун ооз кыймылдары жасалганын, монтаждалганын байкоого болот.
Ушул жылдын 30-июлунда “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому (ААК) өзүнүн расмий сайтына билдирүү жарыялап, анда аталган ишкананын атын жамынган белгисиз тараптар интернетте фейк аккаунттар менен жалган маалыматтарды таратып жатышканын айтышкан.
Билдирүүдө шылуундар өлкө башчысынын, белгилүү адамдардын, “Кыргызнефтегаздын” жетекчисинин эски видеолорун бурмалап, сөздөрүн дал келтирип монтаждап, жеңил акча табууга, башкача айтканда, “аталган ишкана микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” делген чакырыктарды жасап жатышканы айтылган.
Ошондой эле ишкана бул маалыматтардын бардыгы жалган экендигин айтып, “Кыргызнефтегаз” ААК жарандарды инвестиция салууга чакырбаганын жана расмий маалыматтар ишкананын сайтына гана чыгарыларын билдирген.
Жыйынтык: “Кыргызнефтегаз” жарандарды инвестицияга акча салууга жана андан киреше табууга чакырган маалымат — жалган. Жарнамада саясатчылардын дипфейки, башкача айтканда Элвира Сурабалдиева менен .Равшан Жээнбековдун бурмалаганган, жасалган видеолору берилген. Шылуундардан сак болуңуз!
Сүрөт: интернет булактары