«Соцтармактарда белгилүү уюмдарга акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат». Билдирүү

Социалдык тармактарда белгилүү уюмдарга, тактап айтканда “Кыргызнефтегазга”, акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат.

Шылуундар видеодо өлкөнүн биринчи адамдарынын сөздөрүн окшотуп, жасалмалап колдонуп, жасалма интеллект менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп,  иллюзия жаратууда.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов бул тууралуу Фейссбук баракчасына жазды.

“Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат агенттиктеринин жаңылыктарынын жасалма “скриншотторуна” шилтемелер кетүүдө.

Бир караганда бул видеолор чын сыяктуу көрүнөт. Бирок биз бул жасалма экенин баса белгилейбиз. Өлкө жетекчилигинин атын жамынып, үн жана видеолорду бурмалаган шылуундардын айла-амалдарына алданбаңыздар. Сак болуп, маалыматты расмий булактардан текшериңиздер” деди Алакөзов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты