Укук коргоо органдары базарларда окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшере баштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Тиешелүү тапшырма жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын камсыздоого арналган окуу адабиятынын базарлардагы соода түйүндөрү аркылуу сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүнө байланыштуу берилди.

Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Агартуу министрлигине жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу китептеринин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысы боюнча кылдат текшерүү тапшырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт.  

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектепте жок окуу китептери Дордой базарында сатылып жатканын айткан. Өзү үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алган.

«Мектептер китептердин жетишсиздигинен жапа чегип, эски окуу китептерин таратып жатканда, мен Дордой базарынан жаңыларын таптым. Мен үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алдым. Окуу китептери мамлекеттик «Учкун» басмаканасында басылып чыккан, аларда «сатылбайт» деп жазылган. Башкалардын бул окуу китептерин басып чыгарууга укугу жок. Бул — коррупция. Кимдир бирөө аларды сатат, биз басып чыгарууга акча бөлүп беребиз» деди депутат.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектепте жок окуу китептери Дордой базарында сатылып жатканын айткан. Өзү үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты