“Кыргызнефтегаз” акча табуунун платформасын ишке ашырды” деген маалымат тарады. Текшеребиз
- 2 жума мурун
- Фактчекинг
Фейсбукта Kyrgyzneftegaz деген аталыштагы баракча саясатчылардын сүрөттөрүн жана виделорун колдонуп, “Кыргызнефтегаз” акча табуунун платформасын ишке ашырганын жарыялаган. Анда каалаган адамдар инвестициядан киреше таба алары, колдонуучулардын орточо кирешеси айына 67 миң сомду түзөрү айтылган. Ошону менен катар эле шилтемеге кирип билдирме калтырууну сунушташкан. Бул видеолор Фейсбукта жарнама катары берилген.
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому чын эле акча табуунун платформасын ишке ашырдыбы? “ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрөт.
Kyrgyzneftegaz баракчасы тууралуу
Бул баракчанын башкы сүрөтүндө “Кыргызнефтегаздын” эмблемасы коюлган. Жалпы 4 катталуучусу бар.
Баракчада көрсөтүлгөн номерге чалып көрсөк, мындай номер жок болуп чыкты. Ал эми бул жактагы [email protected] деген электрондук почта дагы “Кыргызнефтегаздын” почтасы эмес экенин көрүүгө болот. Ишкананын расмий сайтында [email protected], [email protected], [email protected] деген электрондук почталар жазылып турат.
Мекеменин сайтында “Кыргызнефтегаздын” Фейсбуктагы расмий баракчасы дагы көрсөтүлгөн. Бул баракчанын 1 миң 200 катталуучусу бар. Мында эң акыркы пост 7-ноябрда жарыяланган. “Кыргызнефтегаздын” расмий сайтында, Фейсбуктагы баракчасында эч кандай акча табуунун платформасы тууралуу маалымат жарыяланган эмес.
Буга чейин дагы июль айында “Кыргызнефтегаздын” атынан “Кыргызнефтегаз” өлкөнүн бардык тургундары үчүн микроинвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” деген жалган маалымат таратылган. Бул тууралуу ишкананын сайтына жарыяланган. Ишкана жалган маалыматтарды токтотуу жана андагы уюмдарды жоопкерчиликке тартуу максатында укук коргоо органдарына билдирүү жөнөтүшкөн.
Укук коргоо органдары тарабынан кандай чаралар көрүлгөнү боюнча “ПолитКлиника” медиасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна байланышты. Алар бул маалымат боюнча УКМКга жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылышкан.
“Биздин адистер УКМКга жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине жалган маалыматтарды четке кагуу боюнча кайрылышкан. Азырынча укук коргоо органдарынан жооп ала элекпиз. Бул нерсенин үстүнөн иштеп жатышса керек”, — деп билдиришти мекемеден.
Kyrgyzneftegaz деген аталыштагы баракчага маалымат алуу үчүн кайрылсак, атыбызды жана телефон номерибизди сурап, бир аздан кийин менеджерлер байланыша турганын билдиришти. Бирок эч ким байланышка чыккан жок.
Жыйынтык: Фейсбуктагы Kyrgyzneftegaz аталышындагы баракчанын “Кыргызнефтегаз” акча табуунун платформасын ишке ашырды” деген маалыматы калп. Бул баракчанын “Кыргызнефтегазга” тиешеси жок. Алдамчылардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз!