Жаңыланган «Асман паркка» 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганы айтылды

9-сентябрда  Бишкекин “Асанбай” кичирайонунда жаңыланган «Асман парк» үй-бүлөлүк  оюн-зоок борборунун салтанаттуу ачылышы өттү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Майрамдык иш-чарага шаардын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Гуля Кожокулова жана «Асман Парк» борборунун директору Айбек Сулайманбеков катышты.

“Долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылды. Реконструкциянын алкагында паркта заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар, оюн-зоок аянтчалар жана футуристтик дизайн элементтери пайда болду. Аймакка 1 000ден ашуун жаш дарак жана декоративдүү көчөттөр  отургузулду” деп айтылат маалыматта.


«Асман Парктын» башкы символу — 92 метр бийиктиктеги «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп саналат. Анын бийиктигинен Бишкектин тоолоруна көз чаптырган панорамалык көрүнүш ачылат.

Салтанаттуу концертте кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана Kairos тобу өнөр тартуулашты.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты