Өмүрбек Текебаевге кол көтөргөндөр  кечирим сурап келишти

  • 2 года мурун

Өмүрбек Текебаевге кол көтөргөндөр саясатчыдан кечирим сурап келишти.

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын штабынан билдиришти.   

«Мен силерди кечирем. Бирок кылмыш иши козголбосо дагы, саясий баа берилиши керек» деп айтты Өмүрбек Текебаев.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты Өмүрбек Текебаевге кол салуу Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге байланышы бар экенин өз иликтөөсүндө аныктаган. Кечирим сурап келгендердин ичинде биздин иликтөөдөгү фигуранттар дагы бар.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Текебаевге кол салуунун артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турат деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке каккан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Чүйдүн тургуну. 2-декабрга караган түнү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырган. Кармалган жаран иш кылмыш-кодексинин 96-беренеси боюнча шектелүүдө.

Сүрөт: Урмат Насыкулов.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты