Текебаев Эпштейн менен байланышпаганын билдирди. Анда “Эпштейн файлдарында” эмнеге аты аталды?
- 4 недели мурун
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Эпштейн файлдарында” эмнеге аты аталып жатканына фейсбук баракчасында түшүндүрмө берди.
-Социалдык тармактарда «Эпштейндин файлдары» тууралуу жана эмне үчүн ал жерде менин фамилиям айтылып жатканы боюнча суроолор болуп жатат. Менин фамилиям эч кандай тизмеде жок. Мен Эпштейндин өзү менен да, ортомчулары менен да эч качан байланышта болгон эмесмин,- деди Текабаев.
Ал эми аты-жөндүн аталышы саясий тобокелдиктерди талдоодо, эл аралык аналитикалык материалдарда аталып, кийинчерээк бул маалыматтар «Эпштейдин файлдарында» да чагылдырылганын билдирди:
-2017-жылы Вена шаарынан Бишкекке кайтып келген кезимде, мен Алмазбек Атамбаевдин режими тарабынан камакка алынгам. Андан кийин өлкөдө саясий кырдаал курчуп, тарапкерлерим бир нече митингдерди өткөрүшкөн. Эл аралык байкоочулар Кыргызстанды туруксуз аймак катары баалап, 2010-жылдагы сценарий кайталанышы мүмкүн деген аналитикалык корутундуларды чыгарышкан.
Дал ошол контекстте — саясий тобокелдиктерди талдоодо — менин фамилиям эл аралык аналитикалык материалдарда аталган. Кийинчерээк бул маалыматтар «Эпштейндин файлдарында» да чагылдырылган.
Башкача айтканда, мени “фигурант” катары эмес, саясий фактор катары — байкоого жана эсепке алууга тийиш болгон адам катары карашкан.
«Эпштейндин файлдарындагы» аналитикалык же маалыматтык документтерде тарыхтагы ар кандай белгилүү инсандар да эскерилет: Гитлер, Сталин, Мао, Кастро, Мандела жана башкалар.
Бул алардын “бир нерсеге аралашканы” үчүн эмес. Аналитикалык институттар мисалдар, прецеденттер жана саясий моделдер менен иштегендиктен ушундай болот. Ушак-айыңга жана ар кандай божомолдорго жол бербөө үчүн бул түшүндүрмөнү берүүнү туура көрдүм,- деп жазды Өмүрбек Текебаев.
30-январда АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин иши боюнча архивди ачыкка чыгарган.
Эпштейндин архиви — анын ишин иликтөө учурунда табылган үч миллиондон ашык бетти, 180 миң сүрөттү, 2 миң видеону камтыган эң чоң архив. Юстиция министрлиги ушуну менен 2025-жылдын ноябрь айында жарыялоого убада кылынган милдетин аткарганын билдирген.
Эпштейндин архивинде АКШнын президенти Дональд Трамп, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск, Россиянын президенти Владимир Путин, Улуу Британиянын королу Карл III түн бир тууганы Эндрю, Норвегиянын крон-принцессасы Метте Марит, миллиардер, Virgin Group негиздөөчүсү, миллиардер Ричард Брэнсон, кинорежиссер, Бретт Раттнер, АКШнын соода министри Говард Лютник, Кремлге жакын делген “Наши” кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы Мария Дрокова, орусиялык оппозиционер Илья Пономарев, орусиялык дипломат Виталий Чуркин, ишкерлер Владислав Доронин, Умар Жабраилов ж.б. аттары аталат.
Аталган «Эпштейн файлдарында Кыргызстандан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, Бакыт Бешимовдун аты аталган.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




