Кыргызстан «Магдебург-2025» экономикалык форумуна катышты

  • 6 месяцев мурун

Германиянын Магдебург шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилиги уюштуруучулардын бири болгон “Магдебург-2025 экономикалык форуму” 11-июлда  өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Саксония-Анхальт федералдык жеринин ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Саксония-Анхальт Ландтагынын (парламентинин) президенти Гуннар Шелленбергер, Магдебург шаарынын вице-мэри жана бул жердин башка расмий өкүлдөрү сыяктуу жогорку даражалуу коноктор катышты.

Форумдун негизги максаты Германия менен экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо жана энергетика, тоо-кен өндүрүшү, логистика, билим берүү жана башка негизги тармактарда кызматташууну өнүктүрүү болду.

Маалыматта айтылгандай, форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев транспорт жана логистика чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечегин баяндады. Ал германиялык компаниялардын «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорго жана «жашыл» энергетика тармагын өнүктүрүүгө катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик түйүн катары стратегиялык ордуна, ошондой эле өлкөнүн кайра жаралуучу энергия булактары, сейрек минералдар жана жумушчу кадр боюнча потенциалына көңүл бурду. Ал Кыргызстандын арзан жана экологиялык жактан таза гидроэнергия сыяктуу атаандаштык артыкчылыктарын өзгөчө белгилеп, Саксония-Анхальт компанияларын кварц казып алуу жана кайра иштетүү, кремний өндүрүү жана билим берүү программаларын өнүктүрүү долбоорлоруна катышууга чакырды.

Элчилик ошондой эле бизнес-форумдун катышуучулары үчүн маданий программа уюштурду.

Кыргызстан «Магдебург-2025» экономикалык форумуна катышты

Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты