Элчи Өмүрбек Текебаев: Германиядан Кыргызстанга келген инвестиция 30%га өскөн
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Бүгүн, 7-апрелде, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 7-апрелдеги, жыйынында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.
-Төрт жылда эл аралык мамилелерде бир нерсени жакшы билдим: болбой турган нерсе башың менен жер урсаң да болбойт, боло турган нерсе бир аз аракет кылсаң эле болот. Орто Азияга келген инвестициянын 95%ы Өзбекстан менен Казакстанга болгон экен, Тажикстан менен Кыргызстанга дээрлик жок. Отуз жылдын ичинде. Мен барган жылы Украина менен Россиянын ортосундагы согуш дүйнөнүн картасын өзгөрттү, мамилелер, приоритеттер өзгөрдү. Ошол учурда Европанын, Германиянын Кыргызстанга приоритетин өзгөрттү. Ошону менен саясий деңгээлде, соода тармагында бир аз активдешүү башталды. 2018-жылы соода көлөмүбүз болгону 70-80 млн эле доллар болгон экен. Жакынкы жылдары 5-10 эсеге чейин өстү. Мунун баары геосаясий абалдан, өлкөлөрдөгү приоритеттердин өзгөргөндүгүнөн улам болду. 2023-жылы биздин статистика боюнча 429 миллион доллар болсо, Германиянын маалыматтары боюнча 733 миллион евро болгон. Башкача айтканда, немистердин маалыматы боюнча 10 эсе, биздики боюнча 5 эсе өзгөргөн. Акыркы кездерде мунун көлөмү азайып жатат, анткени Россия балким башка каналдарды таап жатат, балким санкциялык режим дагы өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, мен биринчи кезекте санкциялык тирешүүлөрдөн көрөм, санкциялык тирешүүлөрдн улам товарлар, кызматтар жаңы жолдорду издеп, өсүү болгон.
-Инвестиция Германиядан дээрлик болгон эмес экен, жылына 3-5-10 млн доллардай болуп келген экен, 2023-жылдан баштап, 2,5 эсе өстү же 40-50 млнго жетти. Бул деле аз, бирок 2,5 эсеге өстү. Кыргызстанга келип жаткан инвестициялар 30%ке көбөйгөн,- деди Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 7-апрелдеги жыйында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.
Сүрөттө: элчи Өмүрбек Текебаев. kenesh.kg




