Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев көчмөндөр маданияты жана бийлик табияты маселелерин талкуулады
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров жана Германидагы элчи Өмүрбек Текебаев «Династия, металл, ат» аттуу эмгектин негизги идеяларын талкуулады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразия көчмөндөрүнүн институционалдык өзгөчөлүктөрү — генеалогиялык түзүлүш, металлга негизделген технологиялык артыкчылык жана ат аркылуу камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу фундаменталдык факторлор кеңири каралды.
“Ошол эле контекстте лидерликтин жана бийликтин табияты тууралуу да пикир алмашуу болду. Көчмөн коомунда бийлик жөн гана үстөмдүк эмес, ал жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдукка негизделген институт катары калыптанганы белгиленди. Бул талкуу өткөндү түшүнүү менен келечекти куруунун ортосунда терең байланыш бар экенин дагы бир ирет айгинеледи” деп билдирди элчи Текебаев Фейсбук социалдык тармагында.
Сүрөт: Жолугушуу учурунан. Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




