Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 30-августта, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Өмүрбек Бакировдун Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты кийинки талапкер Равшанбек Рысбаевге берүү чечими кабыл алынды.

Равшанбек Рысбаев Өмүрбек Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга айыптап, сотко доо арыз жазып келген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировго шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча айып коюлууда.

Кечээ, 29-августта,  Өмүрбек Бакировду сурак берүүгө Ош облустук ички иштер башкармалыгына алып барышкан.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

18-августта Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот күчүндө калтырды.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан. Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров соттун Равшанбек Рысбаевдин арызын канааттандырып койгонун “мыйзамсыз” деп сыпаттаган.

Муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

Сүрөттө: Өмүрбек Бакиров. Интернет булактарынан.

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты