Жогорку Кеңеш депутаттары Өмүрбек Бакировго берилген кабинетти калтыруу чечимин кабыл алды
- 2 года мурун
Жогорку Кеңеш депутаттары Өмүрбек Бакировго берилген, кийин кайра кайтарылып алынган кабинетти сактап калуу чечимин кабыл алышты.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева “Бул кичине, бирок — жеңиш, Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгын, бекемдигин сактап калуу жеңиши” экендигин билдирди.
Депутат Өмүрбек Бакиров 18-ноябрда Жогорку Кеңеште УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан күндүн эртеси 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Бул иш боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.
Анын иш бөлмөсүнөн чыгарылганына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Талант Мамытов Бакировго алтынчы кабаттан 637-бөлмөнү берүүнү сунуштаган.
Сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү