Өмүрбек Бакиров: «Ташиевдин сөгүнгөнүн укпай калыптырмын, уксам өз сөзүмдү айтмакмын»

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-тет» программасында журналисттин суроолоруна жооп берип, Жогорку Кеңеште орун алган чуулгандуу окуяга комментарий берди.


«Камчыбек Ташиевден суроолорума жооп алганга аракет кылдым. Бирок, жооп алуунун ордуна ар кандай акарат сөздөр айтылып, аягы кайым-айтышуу менен аяктады. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин сөгүнгөнүн укпай калыптырмын. Эгер укканымда, ошол жерден өзүмдүн сөзүмдү айтмакмын. Менин энеме асылганы намыска тийди» — дейт Өмүрбек Бакиров.

Ошону менен катар эле депутат, анын кабинетинен мыйзамсыз чыгарып салышканын жана социалдык тармактар аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алган делген видео тарап жатканын айтат.

«Кабинетке мен эч качан жабышпайм. Элге кызмат кылам десең, кабинетсиз эле кызмат кылса болот. Жума күнү менин буюмдарымды иш бөлмөмдөн чыгарып салышыптыр… Социалдык тармактарда мени каралоо максатында тартылган ар кандай видеолор жүрөт. Бирок, ал видеодо айтылгандар жалган дооматтар. Эгер мен добуш сатып алган болсом, анда мага депутаттык мандат берилбейт эле да. Ошол кезде Борбордук шайлоо комиссиясына менин үстүмдөн арыздар түшкөн. Жыйынтыгында, менин добуш сатып алууга эч кандай тиешем жок экендиги аныкталган» — дейт депутат.

Өмүрбек Бакиров: "Ташиевдин сөгүнгөнүн укпай калыптырмын, уксам өз сөзүмдү айтмакмын"

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ратификациялоо жөнүндө мыйзам каралган. Ал жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакировдун суроо-жообу айтышууга айланып кеткен. Эртеси, Президенттин иш башкармалыгы Өмүрбек Бакировду кабинетин бошотуу боюнча кат берип, андан соң кабинетинен буюмдары чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты