Сот депутат Өмүрбек Бакиров шайланган №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

  • 10 месяцев мурун

Бишкектин Административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу аталган мекеменин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири Равшанбек Рысбаев ушул округдан шайланган депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен сотко кайрылган.

Соттун чечимине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылды.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты