Өмүрбек Бакиров: «Мени Ош ОИИБине суракка алып кетип баратышат»

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду сурак берүүгө алып кетишти. Бул тууралуу ал өзү «Политклиника» медиасына тастыктады.

«Мен өзүм туулуп өскөн айылыма бараткам. Милиция кызматкерлери Ош ОИИБине азыр мени алып кетип жатышат. Кайсы маселе боюнча экенин билбейм. Барганда тактайбыз», — деди ал.

Азырынча Ош ОИИБи бул тууралуу маалымат бере элек.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда “Азаттыкка” берген комментарийинде соттун Равшанбек Рысбаевдин арызын канааттандырып койгонун “мыйзамсыз” деп сыпаттаган.

Муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты