Ленин округунда шайлоо жыйынтыгы даттануулар аяктагандан кийин чыгарылат   

  • 11 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы талапка ылайык,  №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо жыйынтыгын 11-июнга чейин чыгармак. Бирок талапкерлерден даттануулар түшүп жаткандыгына байланыштуу, бул мөөнөт узарууда.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Даттануулардын негизинде 5-июнда талапкер Дамира Ниязалиеванын депуттыкка каттоосу жокко чыгарылды жана шайлоо күнү алган добуштары да жокко чыгарылды.   

Талапкердин даттануусунан кийин Бишкек шаарынын административдик соту БШКнын чечимин күчүндө калтырган. .   

12-июнда талапкер Дамира Ниязалиева Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз жазган.  

БШКнын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округу боюнча мөөнөтсүз шайлоо боюнча чечими Жогорку сот Ниязалиеванын кассациялык арызын карагандан кийин, шайлоонун жыйынтыгын чыгарат.  

28-майда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алган.

29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева шайлоочулардын  добуштарын сатып алууга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Дамира Ниязалиева бул айыптоолорду четке кагып келет.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу округу боюнча Дамира Ниязалиеваны депутаттыкка талапкер катары каттоону четке какты. Ниязалиеванын алган добуштары жокко чыгарылмак болду. БШК Дамира Нияалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Дамира Ниязалиеванын штабынан добуш сатып алууга шектелип кармалган эки адам үй камагына чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты