БШК Дамира Ниязалиева боюнча материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берди

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Дамира Ниязалиева боюнча материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева шайлоочулардын  добуштарын сатып алууга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Аудио жазууда болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Д.Н.  У.Р. аттуу бирөө менен сүйлөшүп жатып, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатканын угууга болот.

Материалдар дароо текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта 29-майга чейин БШКнын Координациялык ыкчам чара көрүү тобуна мыйзам бузуулар тууралуу 12 арыз даттануу келип түшкөн. Алардын 5 шайлоого даярдык көрүү мезгилинде болсо, калган 7  шайлоо күнү жана андан кийин катталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты