БШК Дамира Ниязалиеванын алган добуштарын четке какты. Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди  

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу округу боюнча Дамира Ниязалиеваны депутаттыкка талапкер катары каттоону четке какты. Ниязалиеванын алган добуштары жокко чыгарылмак болду. БШК Дамира Нияалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.  

Бишкек шаардык ИИБ башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкер Дамира Ниязаливанын шайлоочуларды сатып алуу фактысы далилденгенин билдирди. Талапкер Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга БШКнын макулдугу суралгандыгы айтылды.    

Буга чейин социалдык тармактардагы аудио тасмада талапкер Дамира Ниязалиева Роман аттуу киши менен сүйлөшүп жатканы,  анда шайлоочуларга 1500 сом берээри тууралуу сүйлөшүлгөнү тараган.    

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган.

29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экени айтылган.

Дамира Ниязалиеванын штабынан добуш сатып алууга шектелип кармалган эки адам үй камагына чыгарылды.

Дамира Ниязалиева аталган аудио жазуудагы айтылгандарды четке кагып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты