Ниязалиеванын штабынан добуш сатып алууга шектелип кармалган эки адам үй камагына чыкты

  • 11 месяцев мурун

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан добуш сатып алууга шектелип кармалган эки адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 31-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен кабыл алган.

29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экени айтылган.

30-майга караган түнү милиция Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудио жазуудан соң козголгонун билдиришкен.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын үнүнө окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирип, аудиону “монтаж” деп айткан.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шек саналып жатканын билдирди. Талапкер коюлган дооматты четке каккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты